4- апрель күнү саат 16 00 до ККФ «Инсандык жардам Фонду» тарабынан «Апрель окуясыннда» курман болгондордун уул-кыздарына арналган жардам кечеси болуп өттү. Жардамда курман болгондордун уул-кыздарына жазгы ийимдер жана бут кийимдер берилди. Жалпы 180 бала жазгы кийимдер жана бут кийимдер менен камсыз кылынды. Жардам кечесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Альясбек Алымкулов катышты.