«Инсандык Жардам» фонду «Сенден алдык үлгүнү, оо Мухаммед ﷺ» аттуу мөөлүт аземине арналган Пайгамбарыбызга кат жана ыр жазуу конкурсун жарыялайт.

Кат жана ырлар 2016-жылдын 15-апрелине чейин кабыл алынат.

Конкурстун жыйынтыгы менен сынакта мыкты деп табылган  жеңүүчүлөр 2016-жылдын 18-апрелинде Орус драмалык театрында өтүүчү аземде  сыйланышат.

Сыйлыктар:

  • 1-орун: 4000 сом
  • 2-орун: 3000 сом
  • 3-орун: 2000 сом

Белгилей кетсек, сынактын башкы максаты жаштарды Жараткан Аллах тарбынан аалмадарга мээрим катары жиберилген Пайгамбарыбыз Мухаммед(ﷺ)ды сүйүүгө, анын көрсөткөн жолун  амал кылууга үмдөө болуп саналат.