«Инсандык Жардам» фонду «Сенден алдык үлгүнү, оо Мухаммед ﷺ» аттуу мөөлүт аземине арналган Пайгамбарыбызга кат жана ыр жазуу конкурсун жарыялайт.
Кат жана ырлар 2016-жылдын 15-апрелине чейин кабыл алынат.
Конкурстун жыйынтыгы менен сынакта мыкты деп табылган жеңүүчүлөр 2016-жылдын 18-апрелинде Орус драмалык театрында өтүүчү аземде сыйланышат.
Сыйлыктар:
- 1-орун: 4000 сом
- 2-орун: 3000 сом
- 3-орун: 2000 сом
Белгилей кетсек, сынактын башкы максаты жаштарды Жараткан Аллах тарбынан аалмадарга мээрим катары жиберилген Пайгамбарыбыз Мухаммед(ﷺ)ды сүйүүгө, анын көрсөткөн жолун амал кылууга үмдөө болуп саналат.