жылыталы
жылдык тажрыйба
жетимге колдоо
үй-бүлөгө жардам
студент үйү
Берген кол менен алган кол арасында көпүрө
Инсандык Жардам Фонду 2010-жылы жер жүзүндө бир да жардамга муктаж адам калбаганга чейин Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жардам иш-чараларын уюштуруу максатында курулган.
Бүгүнгү чейин он миңдеген коробка азык-түлүк жардамын муктаж үй-бүлөлөргө таратып, Курман айт майрамдарында миңдеген курмандыкты шариаттын буйруктарына жараша чалып, этин тараттык. Миңге жакын жетим балага ай сайын стипендия менен колдоо көрсөтүп келебиз. 100 дөн ашык студентке материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүп, өз тармактарында мыкты адис болууларына жардам кылдык.
Берген кол алган колдон жогору турат.
Көз карашыбыз: «Абийирдүү жашоого баарынын укугу бар» принциби боюнча жардам программаларын уюштуруу.
Биздин девиз: Адамзатка кызмат кылган киши — инсандардын эң мыктысы.
Жакындаган иш-чараларыбыз
Жума маектери - 1-октябрь
Бул жума коногубуз Кыргыз Түрк Манас Университети Теология факультетинде мугалим Али Юксек агайыбыз болот.
Жума маектери - 24-сентябрь
Пандемиядан мурун фондубузда жума сайын салттык түрдө уюштурулган жума маектерин баштап жатабыз. Бул жума коногубуз Түркия Республикасынын Бишкек элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Мурсел Өзтүрк агайыбыз болмокчу.